Мен эмнени каалайм?
Жашоом кандай болоорун мен 10 жашымда эле билчүмүн.
Мектепти бүтөм, университетке тапшырам, турмушка чыгам, 2 балам болот.
Мен буларды кайдан билип алдым? Төлгө салыштыбы? Кимдир бирөө айттыбы?
Жок, бул идеялар абад учуп жүрчү. Тактап айтканда, чоңдордун, ал тургай балдардын оозу менен дайыма айтылчу.
Мектепти бүтөөрү менен турмушка чыгып кеткен кыздар туурасында «жеңил ойлуу» деп айтышчу.
Турмушка чыкпагандары жөнундө шыбырашып калышчу: «Дагы эле күйөөгө тие элек».
Алардын балдары жок = бир мандеми бар го.
Бир эле баласы бар – «ошол үчүн ал аябай эрке».
Көп балалуу – чоң энемдин убагында гана мындайлар кездешчү эле.
Университетке тапшырууну каалабай койдубу же окуусун таштап койсо – тагдырын талкалады.
Ажырашып кетсе – драма.
Менин оюмча, так ушул үндөрдөн улам көптөгөн адамдар үчүн жашоодо өзүлөрү эмнени кааларын аныктоо кыйынга турат.
Айланадагылардын үндөрү бий аянтындагы музыкадай эле кулак тундурат, өзүңдүн жеке кызыкчылыктарың менен каалоолоруңду басып кетет. Анан дагы биз ал музыканы өзүбүз эмес башка бирөө ойнотуп жатканын да түшүнбөйбүз.
Мен өзүм айланада уккандарымдан бир картина чогултам да, анан аны мен өзүм тарттым деп чечим чыгарам.
Менин ал картинамда кесипке байланыштуу эч нерсе жок болчу. Универститет бар болчу, бирок кайсы униерситет экенин түшүнүксүз. Бир жакта иштейм деп болжогом, бирок ким болуп иштейм – анын мааниси жок эле.
Мен патриархалдуу коомдо салттуу үй-бүлөдө чоңойдум. Менин жашоодогу негизги максатым салттуу аялзаты сыяктуу өз ордумду табуу эле – аял жана эне катары.
Келечектеги кесибимди алдын ала билдире турган менин кызыкчылыктарым болгонбу? Ооба, мени чет тилиндеги үндөр кызыктыраар эле. Мен куурчактарымды, жаныбар оюнчактарымды тегерете отургузуп алып, алар менен испанча же италия тилинде «сүйлөшчүмүн».
Кийин мектепте мен сүйгөн сабак немис тили болчу. Андан соң мен үйдөн өз алдымча англис тилин окуп баштадым, жөн гана өзүм үчүн, жаккан үчүн.
Мага бир нерсени көрсөтүп берген, түшүндүргөн жакчу. Башка адамдардын окуялары жана сезимдери кызыктырчу.
Бирок, кесип жөнүндөгү ойлор экинчи планда кала берген. Эгер кимдир бирөө менден жашоодо үй-бүлөдөн башка эмне каалай турганымды сураса, мен эмне деп жооп беришти билбей калмакмын. Бирок эч ким сурачу эмес. «Ким болгуң келет?» деген суроо эркек балдар үчүн калтырылган.
Бурулуш учурлардын бири мен үчүн бир кыз менен болгон сүйлөшүү болду, ал чындап балалуу болгусу келээрин так билбестигин айтты. Мен так секирдим: «Кантип?». «Балага убакыт бөлүш керек да» – деп жооп берди ал – «Мен буга даярмын деп ойлобойм». Ал кыз бул нерселерди жөнжай гана айтты, мен бир нерсени тушүндүм, ал өзүн ушунчалык жакшы билгени кандай сонун. Мен да өзүмдү ушундай жакшы билемби?
Ошондо мен биринчи жолу өзүмдүн салттуу сценарийимден күмөн санай баштадым.
Универститетте 2-курста окуп жатканда мен немис тилин окуган студенттер үчүн уюшулган сапар менен Германияга барып калдым, жашоо мен ойлогондон алда канча көп түрдүү экенин көрдүм. Ал сапарымдан кийин менин айланамдагы адамдардын алкагы кеңейди, мен өз кесиптери туурасында көзү жанып айтып берген адамдарды жолуктурдум, ал кезде мен университетке илкий басып араң барчумун. Ошондо мен түшүндүм, мен да көп нерсени көргүм келет, көп нерсени башымдан кечиргим келет, өзүмдү ачкым келет.
Эмне үчүн мен бул окуяны силерге айтып жатам?
Мен мурда пландалган сценарийимди өзгөртө алдым. Университетти бүткөндөн кийин бир аз иштеген соң, мен кайра окууну чечтим, бул жолу кесибимди аң-сезимдүүлүк менен тандадым. Окуп жаткан китебимди кое салып, башкаларга кам көрүүгө даяр экенимди сезген кезде турмуш курдум. Менин азыркы кесибим коуч – мен жакшы көргөн нерселер менен алектенүүгө жол берет – адамдардын ар кандай окуяларын угам, алардын сезимдерин талдаганга жардам берем, ар кайсы тилде сүйлөшөм, куурчактарым менен ойногондо мен ушуну каалачумун.
Мен сидерди да ушул нерсеге түрткүм келет, өзүңөргө суроо бергиле: «Мен өзүм эмнени каалайм?». Ата-энем эмес, курбуларым эмес, же башкалар эмес, мен өзүм.
Эмне кылганды жакшы көрөм?
Кандай ишмердүүлүк мага ырахат жана кубаныч тартуулайт? Бул эмнеден кабар берет?
Мен кандай жашагым келет?
Анан дагы өз мейкиндигиңерди кеңейтүү керек – жаңы адамдар менен таанышып, жаңы хобби менен алектенип көргүлө, өзүңөр үчүн жаңы ишмердүүлүк, жаңы долбоорлорду ойлоп тапкыла. Анткени, билбеген нерсени кантип кааламак элеңер, өзүңөрдүн чакан чөйрөңөрдүн нары жагында эмне бар экенин кантип билесиңер?
Өзүңөрдүн чакан дүйнөңөрдүн дубалдарын жылдыра турган адамдар менен мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү сунуштайм. Мугалим кошумча ресурстар туурасында айтып бере алабы? Курстарга, барууга, тажрыйба алууга, стипендияга ээ болууга мүмкүнчүлүк барбы? Айланаңарга өзүн-өзү өнүктүрүүгө умтулган адамдарды топтогула.
Өзүңөрдү издеп чыккан саякатыңар байсалдуу болсун!
Дина Касымбекова, коуч.
Башка да пайдалуу постторду төмөнкү шилтеме боюнча менин блогумдан таба аласыздар: https://nowwhenelse.com/index.php/ru/blog-ru/
“Сорос-Кыргызстан” Фонду жарандык тилектештик демилгесин көтөрүп, калкыбыздын акыл-туюм (менталдык) саламаттыгын сактай турган багыттагы маалыматтардын котормосуна жана башка иш-чараларыбызга колдоо көрсөтүүдө.