БИЗДИН ТАРЫХ

аha.kg 2017-жылы уюмдарды өнүктүрүү жана эл аралык жардам көрсөтүү тармагы боюнча эксперт Айгүл Догдурова тарабынан негизделген. Университеттен алган үч жогорку билими коомду өнүктүрүүдө ийгиликке жетүүгө аздык кылаарын түшүнүп, 2016-жылы Айгүл формалдык эмес онлайн билим алуу жаатын өнүктүрүү максатында эл аралык уюмдагы жумушун калтырган.

Бүгүнкү күндө Интернетти өз максаттарыңа жетүү үчүн колдонуунун ордуна, Интернеттин курмандыгы болуу акылсыздык!  Айгүл Догдурова, aha.kgнин негиздөөчүсү!

Айгуль Догдурова.

БИЗДИН КАРДАРЛАР КИМ?

Сиздер баарыңыздар, максаттарына жетүү үчүн “интеллектуалдык булчуңдарын” чыңагылары келгендер.

Сиздер баарыңыздар, Интернетке кире алгандар жана аны өзүн өнүктүрүү, өсүү үчүн колдонуу керектигин түшүнгөндөр.

Сиздер баарыңыздар, курстарга барууга убактысы жоктор жана өзүнө ыңгайлуу убакта, ыңгайлуу жерде билим алгысы келгендер.

Эгер өзүңүзгө керектүү курстарды жана лекцияларды таппай жатсаңыз, бизге жазыңыз, аларды таап берүү үчүн болушунча аракет кылабыз.

БИЗДИН АВТОРЛОР КИМ?

Сиздер баарыңыздар, өз тармагында бай тажрыйбага ээ жана өз билими менен бөлүшкүсү келгендер.

Сиздер баарыңыздар, ар кыл кардарлар жана аудитория менен жаңы, ыңгайлуу дэңгээлдеги баарлашууга чыгуудан коркпогондор.

Сиздер баарыңыздар, өтө керектүү окутуучулар, бирок бардык каалоочуларды окутууга жетишпей жаткандар. Бир ирээт онлайн курс түзүп коюп, бардык каалоочуларга каалаган убактысында, кай жакта экенине карабастан, окуй алууга шарт түзүп кое аласыз.

Эгер сизде онлайн курс жана сабак түзүү боюнча тажрыйба жок болсо, эч чочулабаңыз, анын эч кыйынчылыгы жок. Бир жолу кылып көргөн соң, кийинкилерин тез эле даярдап кое аласыз. Ал эми биз жардамга келүүгө дайым даярбыз!

Биздин команда менен таанышыңыз