Долбоор жөнүндө

Kesib_kerbeni_KYR

2019-жылдын 9-апрелинен 25-апрелине чейин «Кесип кербени» 6 облус жана Бишкек шаарындагы мектеп-интернаттардын бүтүрүүчү класстагы окуучуларын кесиптик багыт берүүчү тренинги менен кыдырат.

«Кесип кербени» жаштар үчүн билим алуунун маанисин терең жеткирүү менен толук маалыматкаа ээ болуп жана акыл калчап туруп гана карьералык жол тандоо тууралуу маалымат берүү максатын көздөйт.

Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен www.aha.kg билим берүүчү ресурсу биргелешип, КРдагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылууда.

www.aha.kg долбоорунун тренер-психологу Сейил Калдыбаева катышуучулардын психотибин жана психотипке ылайык кесиптерди аныктоо боюнча төрт сааттык сессия-практикум өтмөкчү. Андан соң, Кыргызстандын иш рыногундагы муктаждыктарды эске алуу менен жождордо билим алуу менен карьераны өркүндөтүү талкууланат. Ага кошумча, окуучулар шыктандыруучу тасма көрүп, КР Билим берүү жана илим министрилигинин өкүлү менен жолугушат.

ЕБ жана КР кызматташуусу жөнүндө толук маалымат КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында.

Пресс-релиз жүктөп алуу

Тренер-психолог Сейиль Калдыбаева.

Психолог-коуч катары беш жылдык тажрыйбасы жана тастыкталган билими бар. Карьерасын журналистикада баштап, бара-бара адамдардын психологиясына кызыгып, экинчи жогорку билимин алып, элге коуч жана психолог катары кызмат өтөп келет. Ага себеп болуп, журналисттик кесипти аркалап, “Ашар” берүүсүн алып барып жүргөндө, үй-бүлөлүк көйгөйлөр жазылган каттардын өтө көп келиши болгон. “Канткенде көйгөйдүн тамыры менен күрөшсө болот? Балдар менен иштеп баштап, аларды жаштайынан туура калыпка салып багыттоо келечекте бактылуу үй-бүлөлөрдүн куралышына негиз болот деп ойлондум. Жолун таап, алгач орус тилинде тренинг өтүп баштап, кийин тренингдерди кыргызчалап, аймактарга туурлап, өтө баштадым” – деп бөлүшөт тренер-психолог.

Ири долбоорлордон “Тартынбаган, эрктүү балдарды тарбиялайбыз” деген тренинг менен Бишкек, Ош шаарлары менен аймактардагы айылдарда ата-энелер менен жолугуп, кайтарым байланыш аркылуу тренингдер жемиштүү болгону белгилүү.

“Балдарга өтө турган тренингдерди, ыкмаларды өз балдарым менен мамиле курууда албетте колдоном. Кайсыга шыгы, кызыкчылыгы бар экенин аныктап алып, жолдошум экөөбүз балдардын табиятына жана психотибине төп келген багыттарга ивестициялайбыз. Балдардын эркин өсүп, өзүнө ишеними бекем, эрктүү болушунда кесибимдин ролуна баа берем”.

“Кесип кербени” долбоорунун алкагында Сейиль Калдыбаева Бишкек шаары менен алты облустагы мектеп-интернаттардагы бүтүрүүчү класс окуучуларына « Майерс-Бриггс типологиясы: MBTI» тренингин өтөт.

“Кесип кербени” Бишкекте.

2019-жылдын 9-апрелинде “Кесип Кербени” Бишкек шаарындагы №5 Улуттук копьютердик гимназиядан старт алды. Бүтүрүүчү класстардан 48 окуучу « Майерс-Бриггс типологиясы: MBTI» тренингин өтүп, өзүнүн жөндөмү менен шыгына жараша кесиптерди тандоого үйрөнүштү.
Долбоордун ачылышына Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева катышып, балдарды келечек кесибин тандоодо өз каалоо-тилектерин айтты. «Бул абдан маанилүү долбоор, анткени ата-энелер же башка факторлор балдардын кесип тандоосуна таасирин тийгизет. Балким, силер бир жолду тандагыңар келет, бирок силердин чөйрөңөр башканы тандоону талып кылып жатат. Албетте, чоңдордун сөзүн угуу керек, өзгөчө ата-энелердин, бирок силер өзүңөр туура чечим чыгарууну үйрөнүшүңөр керек», – деди министр Кудайбердиева.

Коуч-психолог Сейиль Калдыбаева өткөн төрт сааттык тренингде балдар өздөрүн терең таанып, изилдей алышты.Оюндар, көнүгүүлөр, кыска видео тасмалар аркылуу, ошондой эле, жеке маектешүү аркылуу ар биринин психотибин аныктаган, жана ага жараша кимге кандай багытта билимин улантып, кайсы тармактагы карьераны аркалоо керектигин сунуштай алды. Кыраакы тренердин баамдаганына ылайык, 48 окуучунун 25% гана келечек кесибин ойлонгон, бирок тренингден кийин балдар шыктанып, мотивация алганын белгилейт. Маселен, окуучулардын бири хирург болууну ойлонуп, бирок өзүнө ишене албай келген, ал эми иш-чаранын жүрүшүндө тандоосуу өзүнө ылайык келерин аныктап, чоң кубануу менен ишеними бекемделгенин билдирген.

Кайтарым байланышта өспүрүмдөр өздөрүн жакшыраак таанып, ар убак маанилүү келген мотивация алганын жазышты.

Гимназиянын уюштуруу иштери боюнча директордун орун басары Асанканов Добулбек тренингдин пайдалуу болгонун, өткөрүү таризинин мыкты сапатын баса белгиледи. “Балдардын жөндөмдүүлүгүн аныктап алып, келечек кесибин тандоодо багыт берүү менин оюмча маанилүү. Балдар ичтеги чоң ойлору бар, жана бул тренинг аларга багыт берди”- деген пикирин айтып, уюштуруучу бардык тараптарга ыраазычылык билдирди.

«Кесип кербени» Европа Биримдигинин Билим берүү секторуна бюджеттик жардам программасынын маалыматтык компоненти алкагында мектеп-интернаттар үчүн уюштурулган. Европа Биримдиги мектептерге инновацияларды киргизүү, куррикулумду (окуу программасы) жаңыртууга мугалимдерди даярадоо сапатын жакшыртуу, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү каралган реформалар үчүн Кыргызстанга 29,375 миллион евро берген.
Европа Биримдиги Кыргызстандагы бардык балдар экономикалык статусу же ден-соолук шарттарына карабастан сапаттуу билим алуусуна умтулат. ЕБ жана КР кызматташуусу жөнүндө толук маалымат КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында.

“Кесип Кербени” Ошто.

2019-жылдын 10-апрелинде “Кесип Кербени” Ош облусунун Кара-Кулжа айылындагы Шарип Жээнбеков атындагы интернат-лицейинин окуучуларына барды.

Бүтүрүүчү класстарда билим алып жаткан 49 окуучу кесип тандоого мамилесин, жашоого көз карашын өзгөртүп, өзүнө болгон ишенимин тренингдин жүрүшүндө бекмдей алды. Коуч-психолог Сейиль Калдыбаева балдар-кыздардын көбүндө өзүнө берген баасы төмөн экенин байкаган. “49 баладан 15 бала гана кайсы кесипти аркалай тургандыгын айта алышты. Калгандарды али чече албай жатышканын баса белгилешти. Колдон келишинче аларды шыктандырдык” – деп бөлүшөт тренер.

«Майерс-Бриггс типологиясы: MBTI» тренингин өткөндөн кийин окуучулар өздөрүнүн кулк-мүнөзүн түшүнүп, башкалардыкын да түшүнүп, ошого жараша алака түзүү боюнча түшүнүк алышат. 10-класстын окуучусу Эльнура “1. Адамдар кандай топторго бөлүнөрүн жана кандай мамиле кылуу керектигин билдим. 2. Кесип тандоого болгон мамилем өзгөрдү. 3. Кандай кесип мага ылайк экенин билдим. Дээрлик баары жакты!” – деп, сабактан алганын тизмектеп, кайтарым пикир калтырган. Өспүрүмдөрдүн көбү өзүнө өзү мотивация берип, өзүн шыктандыруу ыкмаларын үйрөнгөнүнө баарынан көп ыраазычылык билдиришкен.

Интернат-лицейдин жетекчилиги “Кесип кербени” алардын мектебине барганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, окуучуларга жергиликтүү мугалимдерден тышкары сырттан келип билим бөлүшүү башкача таасир калтырарын белгиледи. Мугалимдердин жамааты келчекте аларга да ылайыктуу тренингдер менен келүүнү суранышты.

Эске сала кетсек, “Кесип кербени” жаштар үчүн билим алуунун маанисин терең жеткирүү менен толук маалыматкаа ээ болуп жана акыл калчап туруп гана карьералык жол тандоо тууралуу маалымат берүү максатын көздөйт.
Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен www.aha.kg билим берүүчү ресурсу биргелешип, КРдагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылууда.

“Караван карьеры” в Жалал-Абаде.

11 апреля 2019 года учащиеся школы-гимназии имени Жоомарта Боконбаева в селе Базар-Коргон приняли участие в проекте “Караван карьеры”.

В этот раз поменяли свое мировоззрение, познали новое и систематизировали мысли о будущем 50 учеников выпускных классов. Коуч-психолог Сейиль Калдыбаева во время тренинга отметила, что все дети активные и в меру самодостаточные, что вызвало в ней искреннюю радость. Процесс обучения успешен настолько, насколько ученики открыты новому. Юноши и девушки этой школы оказались именно такими, что окрылило и зарядило энергией команду проекта “Караван карьеры”. Некоторые учителя гимназии присутствовали на тренинге, и наблюдая как дети выполняют упражнения, удивлялись как совпадают психотипы которые определила тренер.

Директор гимназии-интерната имени Ж.Боконбаева Темирбай Оморов принял участие в тренинге вместе с ребятам от начала и до самого конца. Он отметил, что такой современный и интересный тренинг нужен не только детям, но и их родителям и всем преподавателям.

Но больше всего впечатлений конечно было у подростков.  “В начале я не хотела идти на семинар, думая, что он такой же, как и все остальные. Но по рекомендации учителей я все-таки пошла, и оказалось, что это совсем другое, и все что они рассказывают – правда! У меня еще не было определенного выбора профессии, и я не знала куда нужно поступать и мысли были вразброс. Но сегодня я определилась чего хочу и выбрала себе профессию” – открыто поделилась ученица 11 класса Гуляйым. К написанию обратной связи все пятьдесят участников подошли с большой ответственностью. Все отметили полученную мотивацию и обретенную уверенность в себе.

“Караван карьеры” запускается с целью повысить осведомленность о роли образования и предоставить информацию о возможностях осознанного и информированного выбора карьерного пути для молодежи.

Проект реализуется Министерством образования и науки КР вместе с командой образовательного ресурса www.aha.kg при поддержке представительства Европейского Союза в КР.

«Кесип кербени» өлкө боюнча өспүрүмдөргө кесип тандоодо жардам берүүдө.

2019-жылдын 9-апрелинде “Кесип Кербени” Бишкек шаарындагы №5 Улуттук копьютердик гимназиядан старт алып, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы бүтүрүүчү класс окуучуларына барды. Кесиптик багыттоо тренингдери эми Нарынга, Таласка жана Караколго сапар алмакчы.

“Кесип кербени” жаштар үчүн билим алуунун маанисин терең жеткирүү менен толук маалыматкаа ээ болуп жана акыл калчап туруп гана карьералык жол тандоо тууралуу маалымат берүү максаты менен уюштурулган. Долбоордун багытуу аудиториясы – республиканын бардык аймактарындагы мектеп-интернаттарынын жогорку класстагы окуучулары. aha.kg долбооорунун тренер-психологу Сейиль Калдыбаева катышуучулардын психотибин жана психотипке ылайык кесиптерди аныктоо боюнча төрт сааттык сессия-практикум өткөрүүдө. Андан соң, балдар менен Кыргызстандын иш рыногундагы муктаждыктарды эске алуу менен жождордо билим алуу менен карьераны өркүндөтүү талкууланат. Ага кошумча, окуучулар шыктандыруучу тасма көрүп, келечек жана эң негизгиси, өздөрү жөнүндө сурап биле алышат.

Базар-Коргон айылындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы гимназия-жатак мектебинин директору Оморов Темирбай тренингге баштан-аяк балдар менен чогуу катышты. Бул тренинг жеке балдарга эле эмес, мугалим жана ата-энелерге да өтүлүшү керектигин, заманбап ыкмада өткөрүлгөн тренинг экенин баса белгиледи.

Бирок баарынан артык өспүрүмдөр таасирленди.“Башка семинарларга эле окшош болсо керек деп, башында катышкым келген эмес. Бирок мугалимдердин сунушу боюнча барып, чындыгында өзгөчө экенин, бардык үйрөткөндөрү чындык экенин көрдүм. Өзүмдүн кесибимди тандай албай, кайсы окуу жайга тапшырсам ойлорум чаржайыт болуп жүргөм. Бүгүн болсо кесип тандап, бир чечимге келдим” – деп, 11-класстын окуучусу Гүляйым уюштуруучулар менен ачык бөлүштү.

«Майерс-Бриггс типологиясы: MBTI» тренинги өздүк жүрүм-турумду түшүнүүгө өбөлгө. Тренингдеги тапшырмаларыд аткаруу маалыдна коуч-психолог менен катышуучулар инсандык типтердин белиглерин байкап, аныкташат. Жыйналган маалыматты иштеп чыгып, инсандын психологиялык бейнеси түзүлөт да, анын негизинде ар бир адамга баарынан жагымдуу боло турган тармактар жөнүндө тыянак чыгарууга болот. Ал эми кесип тандалып калган учурда, инсандын тубаса күчтүү жактарын эске алуу менен ал жаатта ийгиликтерди арттырууг сунуштар берилет. Өзүнүн инсандык тибин билүү жан-дүйнөнүн купулуна толчу кесип тандоого жана керексиз кыйынчылыктардын алдын алууга жардам.

Кара-Кулжа айылындагы 10-класстын окуучусу “Биринчи: Адамдар кандай топторго бөлүнөрүн жана кандай мамиле кылуу керектигин билдим. Экинчиден, кесип тандоого болгон мамилем өзгөрдү. Ал эми үчүнчүдөн, кандай кесип мага ылайк экенин билдим. Дээрлик баары жакты!” – деп, сабактан алганын тизмектеп, кайтарым пикир калтырган.

Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен www.aha.kg билим берүүчү ресурсу биргелешип, КРдагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылууда.

«Кесип кербени» Европа Биримдигинин Билим берүү секторуна бюджеттик жардам программасынын маалыматтык компоненти алкагында мектеп-интернаттар үчүн уюштурулган. Европа Биримдиги мектептерге инновацияларды киргизүү, куррикулумду (окуу программасы) жаңыртууга мугалимдерди даярадоо сапатын жакшыртуу, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү каралган реформалар үчүн Кыргызстанга 29,375 миллион евро берген.
Европа Биримдиги Кыргызстандагы бардык балдар экономикалык статусу же ден-соолук шарттарына карабастан сапаттуу билим алуусуна умтулат. ЕБ жана КР кызматташуусу жөнүндө толук маалымат КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында.

пресс-релизди көчүрүп алуу.

“Кесип кербени” Баткенде.

2019-жылдын 12-апрелинде “Кесип кербени” өлкөнүн эң түштүгүнө – Баткен облусуна барып, Кызыл-Кыя айылындагы И.Абдархманов атындагы мектеп-интернатында тренингдер өттү.
7-9-класстардагы 52 ачык мүнөз, жаркылдаган өспүрүм тапшырмаларды кунт коюп угуп жатышты. Мектеп-интернат

9-класска чейин гана билим берет, андыктан бу жолу тренингдин катышуучулары кичүүрөк болушту.
Коуч-тренер Сейиль Калдыбаева бул мектептеги балдар-кыздар мактоо сөздөрүнө тез ынанганын байкады, ага кошуп, келечек кесибин тандоодо идеялар мол болду. Алар тренингдин тапшырмаларын дыкат жана катуу аракет менен аткарышты, күлүштү жана биринен бири талаша кол көтөрүп, жаңыга жана билимге ачык экенин көрсөтүштү.

Мектеп-интернаттын уюштуруучусу Гульбахар Камытова да кошо тренингге аралашты. “Окутуунун программасы аябай кызыктуу экен, окуучуларыбызга абдан жакты. Туура багыттар берилди. Бүгүнкү тренингден кийин келечек кесиптерин туура тандашат деп ишенем. Сиздер менен кызматташууну дагы улантсак жакшы болмок” – деген ой бөлүштү.

Ал эми 9-класста окуган Султан Мырзабеков мындай кайтарым пикир берди: “Мага тренинг аябай жакты. Буга чейин кайсы кесипти аркаласам деп тандай элек болчумун, кантип тандашты да билген эмесмин. Бүгүн ким болорумду чечтим. Бизге тренинг уюштурганыңар үчүн рахмат!”

«Майерс-Бриггс типологиясы: MBTI» тренинги өздүк жүрүм-турумду түшүнүүгө өбөлгө. Тренингдеги тапшырмаларыд аткаруу маалыдна коуч-психолог менен катышуучулар инсандык типтердин белиглерин байкап, аныкташат. Жыйналган маалыматты иштеп чыгып, инсандын психологиялык бейнеси түзүлөт да, анын негизинде ар бир адамга баарынан жагымдуу боло турган тармактар жөнүндө тыянак чыгарууга болот. Ал эми кесип тандалып калган учурда, инсандын тубаса күчтүү жактарын эске алуу менен ал жаатта ийгиликтерди арттырууг сунуштар берилет. Өзүнүн инсандык тибин билүү жан-дүйнөнүн купулуна толчу кесип тандоого жана керексиз кыйынчылыктардын алдын алууга жардам.

Эске сала кетсек, “Кесип кербени” жаштар үчүн билим алуунун маанисин терең жеткирүү менен толук маалыматкаа ээ болуп жана акыл калчап туруп гана карьералык жол тандоо тууралуу маалымат берүү максатын көздөйт.
Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен www.aha.kg билим берүүчү ресурсу биргелешип, КРдагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылууда.

“Кесип кербени” Ысык-Көлдө.

2019-жылдын 18-апрелинде “Кесип кербени” Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында болду. Тренинг үчүн КР Билим берүү жана илим министрлиги Токтогул Сатылганов атындагы лицей-интернатын тандаган. Бүтүрүүчү класстагы 49 окуучу аларга атайы иштелип чыккан коуч-психолог Сейил Калдыбаеванын тренингинен өттү. Анын айтымында, балдардын 30 эле пайызы келечекте кайсы тармакта иштегиси келгенин билген.

Сапатты жакшыртуу максатында катышуучулардан кайтарым байланыш катарында пикир жана сунуштарды жазып берүү суралат. Бул жолку уюштуруучулардын жүрөгүн жылыткан пикир бул болду: “Бүгүнкү тренинг мен үчүн эң эле пайдалуу жана кызыктуу болду. Буга чейин мен өзүмдү көп жакшы көрчү эмесмин. Бүгүнкү тренинг мени өзүмдү сүйүүгө, сыйлоого үйрөттү”. Эске салсак, тренингдердин максаты жалаң гана кесиптик багытто эмес, өзүнө берген бааны жана ишеничти жогорулатуу дагы, анткени ийгиликтүү инсандык калыптанууда алар абдан маанилүү орунда.

Т. Сатылганов атындагы мектеп-интернаттын директору Жапаров Алтынбек “Буга чейин окуучулар мындай тренингден өтө элек болчу. Биз күткөндөн да артык иш-чара болду. Келечекте да байма бай келип турсаңар сонун болмок. Бизге мындай тренингдер абдан керек” – деген тилегин билдирди.

Окуучу кыздардын бири: – Мен сенсорик адам экениме кубандым. Мен мурун интроверт курбумду такыр түшүнчү эмесмин. Бирок ушул күндөн кийин мен аны ар дайым түшүнөм. Аз эле, саналуу эле окуучуларга эмес, мектеп окуучуларынын баары катышса жакшы болмок, – деген пикир жазган.

“Кесип кербени” жаштар үчүн билим алуунун маанисин терең жеткирүү менен толук маалыматкаа ээ болуп жана акыл калчап туруп гана карьералык жол тандоо тууралуу маалымат берүү максатын көздөйт.
Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен www.aha.kg билим берүүчү ресурсу биргелешип, КРдагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылууда.

“Кесип кербени Нарында”.

2019-жылдын 19-апрелинде “Кесип кербени” Теңир-Тоого жетти. Нарын шаарындагы У.Асанов атындагы мектеп-интернаттын 51 окуучусуна кесиптик багыттоо боюнча тренинг өткөрүлдү.

«Майерс-Бриггс типологиясы: MBTI» тренингин кыргызчалап, өспүрүмдөргө ылайыкташтырган коуч-психолог Сейил Калдыбаева. Бул жааттагы беш жылдык тажрыйбасы ага балдардын ички жан дүйнөсүнө ачкыч таап, өспүрүмдөргө өздөрүн түшүнүү аркылуу башкалар менен да мамиле куруп, коомдун татыктуу инсандары болуп чоңоюшуна негиз түптөйт.

Мектеп-интернаттын 10-классынын окуучусу Максат, тренингден кийин пикирин бөлүштү: “Мен максат кылып жүргөн кесибим жөнүндө жакшы маалымат алдым. “Айтишник” болом деп кыялданып жүргөм. Сиздерге чоң рахмат!” Максаттын кыялы бүгүн өлкөбүздө санариптештирүү багыты күч алып атканда аткрылуусу толук мүмкүн, жана ага чын дилден ийгилик каалайбыз!

Ал эми окуу жайдын директору Апсалиева Айнура: “Кесип тандоо тууралуу иш-чара өткөрүүнү ойлонуп жүргөнбүз, бул биз күтпөгөндөй сонун тренинг болду” – деп, асмандан издегени жерден табылганын билдирди.
Мындан ары “Кесип кербени” көчүн Таласка карай улайт. Эске сала кетсек, “Кесип кербени” жаштар үчүн билим алуунун маанисин терең жеткирүү менен толук маалыматка ээ болуп жана акыл калчап туруп гана карьералык жол тандоо тууралуу маалымат берүү максатын көздөйт.

Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен www.aha.kg билим берүүчү ресурсу биргелешип, КРдагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылууда.

«Кесип кербени» Таласта.

2019-жылдын 24-апрелинде “Кесип кербени” жүрүшүн Талас облустук мектеп-гимназиясындагы тренинги менен ийгиликтүү аяктады.

Бүтүрүүчү класстардагы 50 окуучу биринчи жолу өз психотиби жана жакшы өнүккөн жөндөмдөрүн коуч-психологдун кесипкөйжардамы менен үйрөнө алышты. Тренингдердин негизги максаты өспүрүмдөргө болочок кесибин тандоодо жардам берип, турмуштагы ийгиликкке шыктандырып,  квалификациялуу психологиялык жардам менен өзүнө болгон ишенимин бекемдөө.

Тренингдин коуч-психологу Сейил Калдыбаева белгилегендей, өспүрүм курактагы өзүн инсан катары кабыл алуудагы трансформация өтө маанилүү, өзгөчө өз алдынча өркүндөө жана психология боюнча маалымат тартыш болгон алыскы аймактардагы балдарга керек. Өзүнө жана өз күчүнө ишенген бүтүрүүчүлөр кесипке ээ болууда билим алуусун ийгиликтүүрөк улантат. Маселен, Таластагы өспүрүм кыздар келечекте инженердик кесипке окуп, космостук технологияларды өздөштүрүүгө дарамети толук жетерине көзү жетти, жана ага чектөө жалаң гана стереотиптер. Ал эми окуучуларды бири ички жан-дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөрүн мындайча сүрөттөдү: “Мен ушул убакытка чейин өзүмдүн сапаттарымды эң жаман деп ойлоп жүрчүмүн. Тренингден кийин менин мүнөзүм жакшы экенине көзүм жетти. Өзүмө ишеним пайда болду”.

Талас облустук мектеп-гимназиясындагы социалдык педагог Давлеталиева Раида: «Бул тренингге баштан аяк окуучулар менен чогуу катыштым. Мыкты деңгээлде өттү жана балдарга гана эмес педагог катары мага да абдан пайдалуу болду. Мен эми балдар менен алардын мүнөзүнө жараша иш алып барам. Мага мурункуга караганда алар менен иштешүү кыйла жеңил болот деп ишенип турам».

“Кесип кербени” долбоорунун жүрүшүндө 9-апрелден 24-апрелге чейин республика боюнча тренингден 350 бүтүрүүчү класстагы окуучу өттү. “Кесип кербени” жаштар үчүн билим алуунун маанисин терең жеткирүү менен толук маалыматка ээ болуп жана акыл калчап туруп гана карьералык жол тандоо тууралуу маалымат берүү максатын көздөйт.

Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен www.aha.kg билим берүүчү ресурсу биргелешип, КРдагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылууда.

«Кесип кербени»  Европа Биримдигинин Билим берүү секторуна бюджеттик жардам программасынын маалыматтык компоненти алкагында мектеп-интернаттар үчүн уюштурулган. Европа Биримдиги мектептерге инновацияларды киргизүү, куррикулумду (окуу программасы) жаңыртууга мугалимдерди даярадоо сапатын жакшыртуу, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү каралган реформалар үчүн Кыргызстанга 29,375 миллион евро берген.

Европа Биримдиги Кыргызстандагы бардык балдар экономикалык статусу же ден-соолук шарттарына карабастан сапаттуу билим алуусуна умтулат. ЕБ жана КР кызматташуусу жөнүндө толук маалымат КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында..

#КЕСИПКЕРБЕНИ