2018 жылдын ProKG Лидерлик Программасы!

ProKG профессионалдар клубу мега-билим берүүчү ProKG Лидерлик Программасын  19-23 жаш курактагы  жаштарга  ачык  деп кубануу менен кабарлайт. “Маданият бул баалуулук” 2018-жылындагы долбоордун урааны болуп белгиленди.

БУЛ КАНДАЙ ПРОГРАММА? 

ProKG Лидерлик Программасы – бул билим берүүгө, адамдын өсүп-өнүгүшүнө, өлкөбүздүн келечек муунуна арналган долбоор. Алдыга жылуунун, гүлдөп өнүгүүнүн жолу катары табигый ресурстар эмес, интеллектуалдык күчтөр, билимдүү-илимдүү адистер, илимий жана технология жаатында жөндөмдүү иновациялык чөйрөнү жарата билген жаштар эсептелинген, Knowledge Economy теориясынын куруучуларына багытталат.

Программа 2015-жылы ийгиликтүү  ачылган. Ар бир жылы уюштуруулучу бул долбоордун максаты дарамети күчтүү жана лидерлик сапатка ээ болгон  алдыңкы 20 жаштын жогорку квалификациялуу адистер менен таанышуусуна жана байланышуусуна шарттарды түзүү менен аларды үлгү катары көрсөтүп, эл аралык деңгээлдеги мыкты адис болуп чыга келүүсүн камсыздоо болуп саналат. Бул жол аркылуу Кыргыз Республикасынын адистерин даярдоого салым кошуудабыз.

КАНДАЙ БӨЛҮКТӨРДӨН ТУРАТ?

Программа үч бөлүктөн туруп, саламаттыкты сактоо жана спорт маселелерине дагы өзгөчө маани берилет.

  • Жеке жана кесиптик өсүш үчүн интенсивдүү окутуу;
  • Ментордук окутуу;
  • Ар кандай тармактардагы жогорку адистер менен жолугушуулар: бизнес чөйрөсүнөн, көркөм өнөр, спорт тармагы жана мамлекеттик кызматкерлер;

ProKG Лидерлик Программасынын ар бир этабы эл аралык деңгээлде тажрыйбасы бар жана ошондой эле жогорку сапаттагы адистер тарабынан иштелип чыгып, ишке ашырылат. Программанын катышуучулары  кайсы бир чөйрөдө ийгиликтүү карьера курууга, өзүнө жаңы СТАРТ АП баштоого жана жеке жашоосунда ийгиликтүү болуунун үчүн негизги принциптерди жана жөндөмдүүлүктөрдү үйрөнөт. Тажрыйбалуу адистер ментордук кызмат көрсөтүп, катышуучулардын бардык суроолоруна жооп берүү менен кесиптик жана жеке инсандык өнүгүүсүнө жардамчы болот

ЛИДЕРЛИК ПРОГРАММАСЫНА ТАНДАП АЛУУ КРИТЕРИЙЛЕРИ
  • 19-23 жаш арасындагы Кыргыз Республикасынын жараны;
  • Лидерлик тажрыйба жана жогорку сапат;
  • Окууга болгон дилгирлик, өзүн өзү өнүктүрүугө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача билүүгө жөндөмдүүлүк;
  • ProKG бүтүрүүчүлөрүнүн бир бөлүгү болууга каалоосу, алган билими жана тажрыйбасы менен бөлүшө билүү;
  • Жаңы идеяларга жана мүмкүнчүлүктөргө умтула билүү;
  • Аракетчилдик.
КОНКУРСТУН ШАРТТАРЫ
  1. Сынакка катышуу үчүн АНКЕТАНЫ 2018-ж. 1-март 17:00дөн кеч калбастан жөнөтүү;
  2. Анкетаны кыргыз жана орус тилдеринде толтурууга болот;
  3. Конкурстун биринчи турунан өткөн ийгиликтүү талапкерлер гана экинчи этапка ProKG тандоо боюнча комитетине маектешүүгө чакырылат.
АЛДЫН АЛА МӨӨНӨТТӨР

Анкетаны толтуруу мөөнөтү: 2018 жылдын 1-мартына чейин;

Экинчи этапка өткөндөрдү интервьюга чакыруу: 2018 жылдын 15-мартынан 22-мартына чейин;

Жыйынтыктар жөнүндө кулактандыруу: 2018 жылдын 3-4-апрелине чейин;

Тренинг: май 2018 жылы.

ЭСКЕРТҮҮ: Жумуштун чоң көлөмдүүлүгүнө жана көп сандагы арыздардан улам ProKG Профессионалдар клубу кошумча маалыматтарды берүүдө жана телефон аркылуу суроолорго жооп берүүдө көмөкчү боло албайт. Ошондой эле конкурста өз статусун билүү үчүн клубдун почтасына жазбооңуздарды  суранабыз.

ProKG ЛИДЕРЛИК ПРОГРАММАСЫНЫН ТИЛИ

ProKG Лидердик Программасынын негизги тили болуп орус тили эсептелинет. Айрым коноктор менен жолугушуулар (III этап) кыргыз жана англис тилдерине жүргүзүлүшү күтүлөт.

ProKG ЛИДЕРЛИК ПРОГРАММАСЫНЫНА КАТЫШУУ БААСЫ

ProKG Лидерлик Программасынына катышуу акысыз жүргүзүлөт. Бирок, биринчи этапта Ысык-Көлдө боло туруучу тренингдерге катышууга транспорт чыгымдарын төлөө үчүн, ар бир тандалып алынган катышуучу 500 сом берүүгө милдеттүү. Турак-жай, тамак-аш  жана кошумча материалдар менен байланышкан башка чыгымдар ProKG  Профессионалдар клубу тарабынан камсыз кылынат.

ProKG ЛИДЕРЛИК ПРОГРАММАСЫНЫН ЭТАПТАРЫ 

ProKG Лидерлик Программанын биринчи этабында катышуучуларга үч модулдан турган интенсивдүү окутуу болот

  • Негиздер: Принциптер
  • Максат жана максат коюу
  • Имплементация (ишке ашыруу)

Окутуу (тренинг) 2018-жылдын май айынын төрт күнгө пландаштырылган.

ProKG Лидерлик Программасынын экинчи компоненти – ProKG клубуна мүчө болгон профессионалдардын ментордук окууту программасынан турат. Мөөнөтү жана башка керектүү маалыматтыр, клубдун мүчөлөрү менен макулдашкандан соң кийинчерээк  жарыяланат.

Коноктор менен баарлашуу. Программанын үчүнчү этабында катышуучулар атайын чакырылган лекторлор жана спикерлер менен жолугушат. Бул этап ProKG Лидерлик Программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн ортосундагы байланышты камсыздоого багытталган. Расмий эмес жолугушуулар июнда башталып, 2018-жылдын декабрына чейин созулат. Божомолдуу түрдө акыркы баскыч жай мезгилинин алты айына туура келип, алты жолугушууну камтыйт. Ар бир айда бирден конокту кабыл алып, баарлашуу 2 саатка созулат.

Башталуу убактысы

12:00 түн жарымы

Январ 22, 2018

Аяктоо убактысы

12:00 түн жарымы

Март 1, 2018

Дарек

Bishkek, Kyrgyzstan

Жооп калтырыңыз