16-ноябрь: «Максат коюу жана аларга жетүү» аттуу вебинар

Жашооңуз жемиштүү жана жеңиштүү болушун каалайсызбы? Анда, сизди алдыга гана сүрөй турган максаттарды коюп, аларга жетиңиз! Адатта, жылдын башында алдыбызга бир топ сонун максаттарды коебуз, бирок орто жолдон баштапкы умтулуу, дегдөө, мотивация кайдадыр жоголуп кетет.

Максаттуу өмүр сүрүүнү кааласаңыз, «Максат коюу жана аларга жетүү» аттуу тренингде сизди күтөбүз!
Тренинг учурунда сунуш кылына турган 10 кадам, өз жашооңузду көзөмөлгө алууга жол көрсөтүп, мотивация тартуулап, сизди шыктандырат.
Андан сырткары төмөнкү суроолорго жооп ала аласыз:
Туңгуюктан кантип чыксам болот?
Жашоом канткенде маңыздуу өтөт?
Баштаган ишимди күндө эртеңкиге жылдырбай, акырына чыгарууга күчтү кайдан табам?
Максатыма жетүүдө мотивацияны жоготпой, кантип сактай алам?
Өтүлө турган күнү:  16-ноябрь 2019-жыл
Убактысы: 18:00 – 19:00
Дареги: Вебинарлар онлайн түрүндө интернет аркылуу өткөрүлөт
Баасы: 200 coм
ТРЕНЕР: Сейил Калдыбаева – психолог, коуч, консультант, “Ашар” радио уктуруусунун алып баруучусу.
Билетти алдына ала шилтеме аркылуу сатып алса болот https://aha.kg/product/16-11-19-maksat-koyuu-zhana-alarga-zhet-attuu-vebinarga-bilet/
Же терминал аркылуу  Элсом 0779997749 капчыгын толтуруп (анан чекти сүрөтүн WhatsApp +996779997749 номерге жибериңиз), же balance.kg аркылуу (услуги, образование, aha.kg).

Башталуу убактысы

6:00 күн жарымы

Ноябр 16, 2019

Аяктоо убактысы

7:00 күн жарымы

Ноябр 16, 2019

Уюштуруучулары

Жооп калтырыңыз