• Долбоорлор
    • Кесип кербени
    • Акселератор
  • Курстар
  • Макалалар
  • Биз жөнүндө
      • Кыргызча (kg)Кыргызча
      • Русский (ru)Русский
    • Корзина

      0
aha.kgaha.kg
  • Долбоорлор
    • Кесип кербени
    • Акселератор
  • Курстар
  • Макалалар
  • Биз жөнүндө
      • Кыргызча (kg)Кыргызча
      • Русский (ru)Русский
    • Корзина

      0

Блог

  • Башкы бет
  • Blog
  • Блог
  • Экхарт Толле: «Дал ушул көз ирмемде силердин эч көйгөйүңөр жок»

Экхарт Толле: «Дал ушул көз ирмемде силердин эч көйгөйүңөр жок»

  • Posted by aha.kg

Коркуу сезимдеринен, белгисиздиктен жана азап тартуудан өз алдынча кутулууга болобу? Болот, “азыркы замандын пайгамбары”, немис жазуучусу жана философ Экхарт Толле бул мүмкүн деп ишенет. Москвада өткөн семинарда ал бизге жашообузду өзгөртүүгө эмнелер тоскоол болуп жатканын жана учурдагы көз ирмемдин күчүн кантип таануу керектигин айтып берди. Анын эң таасирдүү идеяларын жарыялоону туура таптык. 

Көйгөйлөрүңөрдөн биротоло кутулууну каалайсыңарбы? Анда чемоданыңарды чогултуп, эң биринчи туш болгон учакка билет сатып алып, башка өлкөгө учуп кетсеңер болот. Балким, бул сизди кайсы бир убакытка чейин бактылуу кылышы мүмкүн. Бирок, эртеби-кечпи баары бир мурдагы калыбыңарга түшөсүңөр. Айлана өтө ысык же өтө эле ызы-чуудай сезилиши мүмкүн. Эгер адамдын аң-сезими уйкудагы абалда болсо, нааразылык абалдан качып кутулууга болбойт, кептин баары мына ушунда.

Жаман кабар айтайын, көпчүлүк адамдар үчүн бактысыздык кадыресе көрүнүш болуп калган. Жакшы кабар болсо – муну өзгөртүүгө болот. Кийинки жолуу стресс абалга кептелгенде, өзүңөрдөн сурап көргүлө: “Мени бул туш болгон кырдаал нааразы кылып жатабы же ага болгон өзүмдүн мамилем нааразы кылып жатабы?”. Ички чыңалууңар негизинен өзүңөрдүн реакацияңарга байланыштуу болуп жатканын түшүнгөн соң, өзүңөргө башка суроо узаткыла: “Эгер мен бул кырдаалды ал кандай болсо, дал ошондой түрдө кабылдай турган болсом эмне болот?”.

Мындай эксперименттин натыйжасы силерди таң калтырат. Эч нерсени талашып-тартышпай, ошол учурдун реалдуулугун сезгенге аракет кылгыла. Силер түшүнөсүңөр, көпчүлүк учурда өзүбүздү бактысыз сезүү же сезбөө, бул – биздин тандообуз.

 «Менин жашоом – бул менин мээм чагылдырган нерсе»

Көпчүлүгүбүз ички үнүбүз жана өзүбүз биз бир адамбыз деп ойлойбуз. Бирок биздин ички үнүбүз жалган, ойдон чыгарылган “Мен” дегенди жаратып алат жана анын таасирин биз сезбейбиз. Бул үн биз нааразы болгон учурларда мурдагыдан да күч алат. Андан кутулуу үчүн өзүбүздү ойлорубуздан бөлүп алышыбы керек, аң-сезимибиз менен мээбиздин ортосуна чек коюу керек. Ойгонуу ушинтип башталат.

Биз башыбыздан өткөргөн сезимдер, эмоциялар – бул таңууланган ой формалары, алардан биздин инсандыгыбыз куралат. Силер түрмөдө отургандайсыңар, бирок муну өзүңөр түшүнбөйсүңөр. Балким, ал түрмөнү таштап кетүүнү каалабайт да чыгаарсыңар – ал силер үчүн жайлуу орун болуп калган. Бирок, баары бир ар бирибиздин жан дүйнөбүздө чектөөлөрдөн бошонуу тилеги катылып жатат.

Таңууланган тажатма ойлордон кутулуу үчүн айрымдар алкоголь же баңги заттарын колдонушат. Бул күнүмдүк “мээ кыйноолорунан” убактылуу болсо да кутултуп, көйгөйлөрдү унутууга жардам берет, бирок бизди бакыт деген нерседен алыстатат. Ички нааразылыктын үнүн басып, өзүңдү бактылуу сезүүнүн дагы бир амалы – жашооңду материалдык баалуулуктарга жана көңүл ачууларга толтуруу. Ошондуктан айрымдар дайыма бир нерсе сатып ала беришет, эл алдында кадырлуу, белгилүү болууга умтулушат. Бирок мунун баары биз каалаган нерсеге жеткире алабы? Кайдаан!

Өзүңдү аёо сезими эгону күчөтөт, бул болсо кандайдыр бир артыкчыл сезимин берет

Чектөөлөрдөн кутулуунун чынында бир гана амалы бар – өз ойлоруңдун деңгээлинен өйдө көтөрүлүү. Буга кантип жетишүү керек? Силер ушул болуп жаткан көз ирмемге гана маани бергенде, мейли кыска убакытка болсун, эки секунд же үч секундка, силер өз ойлоруңардан өйдө көтөрүлө алганда, ошондо алар токтоп калат.

Ойлор азыркы заманбап адамдын аң-сезимин толук ээлеп алган жана анын жаратылыш менен болгон терең байланышына доо кетирүүдө. Мындай байланыш, мисалы иттерде сакталып калган. Ошондуктан, аларда өзүн-өзү баалоого байланыштуу маселелери жок, алар өзүлөрүнүн сырткы келбеттерине байланыштуу корунбайт. Көпчүлүк ити бар адамдар айтышат “Ал мага караганда бактылуураак”. Ал эми чындык мына мында – жаныбарлар учурдагы көз ирмем менен жашашат.

Адамдар тескерисинче, дайыма ой үстүндө, теорияларды ойлоп таап, ар кайсы нерселерди божомолдой беришет: “ Эгер менин ата-энем башка адамдар болгондо, эгер мага жашоо мүмкүнчүлүк бергенде, эгер менин жашоомдо мынча кыйынчылыктарга туш болбогондо, мен бактылуу болмокмун”. Көпчүлүгүбүз досторубузга, жашаган жерибизге, жумушубузга даттанабыз. Мындай адамдар абдан бактысыз болушу мүмкүн, бирок алардын эгосу “байкуш” болгон образды абдан жактырат. Өзүңө болгон аёо сезими эгону күчөтөт, бул кайсы бир деңгээлде өзүңдү артыгыраак сездирет.

«Эки аалам – форма жана маңыз…»

Өзүбүзгө берүү керек болгон эң маанилүү суроо “Мен киммин?”.

Бул суроого жооп берээрде эң биринчи эле оюбузга келген нерсе – бул биздин физикалык формабыз. Адамдар өз дене бою менен же сыймыктанышат же уялышат. Эгер силердин дене түзүлүшүңөр сымбаттуу, күчтүү болсо, аны жалпыга көрсөтүүнү каалайсыңар, анан да анын артыкчылыгын көрсөткүңөр келет, анткени эго башкалардан артык болуп турганды жакшы көрөт. Бирок, жаш өткөн сайын, эго менен дене бойдун ортосундагы байланышты үзө албагандан кийин, көпчүлүгүбүз бактысыз боло баштайбыз. Бизге чынында зарыл болгон нерсе бул – өз денебизди баалоо, ага кам көрүү жана ага ыраазычылык билдирүү. Биздин денебиз – биз кыска убакыт ичинде ээлик боло турган нерсе.

Ойлоруңарды токтотконду үйрөнгөндө, ойгонуу процесси башталат

Эч болбосо бир мүнөт өткөндү да, келечекти да ойлобогонго аракет кылып көргүлөчү. Дал ушул таптагы көз ирмемде силерде эч кандай көйгөй жок. Бир саамга керексиз ойлордон бошоно алсаңар, дал ушул тапта эмнени угуп жана көрүп турганыңарды чындап түшүнө аласыңар. Бул учурдагы көз ирмемдин үстүртөн реалдуулугу, бирок башка терең реалдуулук да бар.

Биздин сезимдерибизди эмне реалдуу кылат? Аң-сезимибиз. Аң-сезимибиздеги түшүнүктөрүбүзсүз биз эч нерсени кабылдап, ойлонуп, туя алмак эмеспиз. Ушул көз ирмемде ушул жерде болгон абалды сезүү үчүн ойлордун агымын токтотуу керек, ички бейпил мейкиндикти туюушубуз керек. Биздин сезимдик кабылдообуздун негизи мына ушул – таза аң-сезим. Ойлорду токтотконду үйрөнөөрүңөр менен ушул абалда болуу кандай экенин сезе баштайсыңар, ошондо ойгонуу башталат.

«Ойгонуу – кызыктуу саякаттын башталышы»

Аалам туурасындагы эң олуттуу жана кызыктуу суроолордун жообун, ички жан дүйнөңөргө баш бакканда табасыңар. Ички жан дүйнөңөрдө туйган бейпилдик, тынчтык – Жараткандын жарык нуру мына ошол.

Өзүңөрдү бул дүйнөдөгү Жараткандын нуру деп таануу – демек инсандык түрмөдөн бошонуу дегенди билдирет. Муну түшүнгөндөн баштап, ойлоруңар алда канча креативдүү боло баштайт. Анткени, адамдын өзүнөн алда канча улуу нерсе, биз аркылуу жол таап, сырткы дүйнөдө орун табат. А биз болсо аң-сезимди бул дүйнөдө чагылдыра турган куралга айланабыз.

Ооба, биздин иш-аракеттерибиз маанилүү. Бирок ал аракеттердин артында турган аң-сезимдүүлүк андан да маанилүү. Силердин аң-сезимиңер айланадагы башка адамдарга да таасир этип, чагылышы мүмкүн. Ошондуктан ушул тапта ушул жерде болуу абалына кирүү аркылуу силер дүйнөнү өзгөртүүгө жөндөмдүүсүңөр.

Экхарт Толле (Eckhart Tolle) – мотивация берген оратор, философ, «Новая Земля» и «Сила настоящего» китептердин автору.

Маалымат булагы https://www.psychologies.ru

  • Бөлүшүү:
author avatar
aha.kg

Previous post

Өзүн-өзү туура баалоо
October 12, 2020

Силерге да жагышы мүмкүн

заготовки к статьям (6)
Өзүн-өзү туура баалоо
1 October, 2020
заготовки к статьям (5)
Эл алдында коркпой сүйлөөнүн 7 амалы
19 September, 2020
заготовки к статьям (3)
Зордук-зомбулукту нормага айландыруу: эмне үчүн аял кетип калбайт?
20 August, 2020

Жооп калтырыңыз Cancel reply

You must be logged in to post a comment.

Курстар бөлүктөр

  • Бардык (9)
  • Лекциялар (1)
  • Мотивация (2)
  • Чет өлкөдөн билим алуу (1)
  • Психология (5)
  • Коомдун өнүгүшү (2)

Жаңы курстар

Максат коюу жана аларга жетүү

Максат коюу жана аларга жетүү

1,000.00 сом
Гендердик-сезимтал коммуникация жана медиасабаттулук

Гендердик-сезимтал коммуникация жана медиасабаттулук

Бесплатно

Авторду каттоо

стать-автором
aha.kg-footer-logo

(+996) 779 997749

[email protected]

  • Facebook
  • Twitter
  • Instagram
  • Youtube

Компания

  • Биз жөнүндө
  • Байланыштар
  • Пайдалануучулук макулдашуу
  • Каттоодон өтүү

ПАЙДАЛУУ ШИЛТЕМЕЛЕР

  • Курстар
  • Иш-чаралардын календары
  • Галерея
  • Суроолор

Кошулгула!

visa card-mastercard-1 card-maestro card-cirrus balance elsom
  • Кыргызча (kg)Кыргызча
  • Русский (ru)Русский

Сиздин сайт эсеби менен кирүү

Lost your password?

Not a member yet? Register now

Register a new account

Are you a member? Login now