Онлайн-курс:
"Баланын терс
жүрүм-турумун
кантип оңдоо
керек?"

Старт 4-декабрь, 2023ж.
Мөөнөтү 1 ай
Сиздин тандооңуз үчүн үч формат

Курс жөнүндө

Көпчүлүк ата-энелер үчүн баланын өспүрүм курагы кыйынчылыктар менен коштолот, 9 жаштан баштап балдарда "көйгөйлүү" жүрүм-турумдун белгилери байкала баштайт.

  • Мындай жүрүм-турумдун себеби эмнеде?
  • Аны кантип оңдоо керек?
  • Өз ара ишенимге жана сый-урмат мамилеге кантип жетишсе болот?
Ушул жана башка суроолорго ата-энелер үчүн курстан жооп таба аласыз. Жана ошондой эле өз ички дүйнөңүзгө баш багып, балаңыз менен мамиле эмне үчүн так ушундай багытта өнүгүп жатканынын себептерин түшүнөсүз.

Сизге курс эмнеси менен жагышы мүмкүн?

  • Сиз өзүңүзгө ыңгайлуу болгон каалаган убакта окуй аласыз.
  • Видеосабактарга күнүнө 10-15 мүнөт гана бөлүү менен, сунушталган ыкмаларды оңой эле колдоно баштасаңыз болот.
  • Видеосабактар ​​менен бирге тренердин коштоосу бар форматты тандаган болсоңуз, бардык суроолоруңузга жума сайын тренер менен болгон жолугушуу учурунда жана 24 саат иштеп турган чат аркылуу жооп аласыз.
  • Курстун жекече иштөө форматын тандоодо сиз тренер менен жекеме-жеке баарлашууга мүмкүнчүлүк аласыз.
  • Курсту аяктагандан кийин, видеосабактарга кирүү мүмкүнчүлүгү сиз үчүн 6 айдан 1 жылга чейин чейин сакталат!

Кандай жаңы тажрыйба жана билимдерди үйрөнөсүз:

Сиз балаңыз менен жаңыча баарлашууга жана баарын тынчтык жолу менен сүйлөшүү аркылуу чечүүгө үйрөнөсүз.
Балаңыздын терс жүрүм-турумун үн көтөрбөстөн же уруп-сокпостон оңдой аласыз.

Курстун жүрүшүндө сиз баланын жүрүм-турумунда жакшы өзгөрүүлөрдү байкай баштайсыз.
Балдарыңыз мурда баш тарткан үй жумуштарын жасоого көнүп калышат.

Сиз өзүңүздүн ички дүйнөңүзгө саякат жасап, баланын ички дүйнөсүн түшүнөсүз.
Чыр-чатактын ордуна, сиз да, балаңыз да бири-бириңиз менен баарлашуудан ырахат ала баштайсыңар.

Тренер жөнүндө

Чолпон Бекболотова

Тренер
Сертификаттуу мугалим жана психолог, тарбиялоо жана инсандык өнүгүү боюнча курстардын тренери. Анын жекече да, топтор үчүн да, анын ичинде ЮНИСЕФ, Кыргызстан Тынчтык Корпусу, International Alert, Өнүктүрүү саясат институту, Youth of Osh ж.б. сыяктуу жергиликтүү жана эл аралык уюмдарга корпоративдик заказдардын алкагында окутуу боюнча чоң тажрыйбасы бар.

Чолпон Бекболотова aha.kg эксперти катары Азаттык, Sputnik, Next TV, Bilesinbi, "Оор күндүн кечи" ж.б. телерадиоберүүлөрүнүн дайымкы коногу.
"БилимтайМ" билим берүү борборунун негиздөөчүсү.

Катышуучулардын кайтарым пикирлери:

Акмарал Сатинбаева, "Youth of Osh" бейөкмөт уюмунун директору (инстаграмда профилиндеги постунда калтырган пикири)

Курстун баасы

Cash2u аркылуу бөлүп төлөөгө болот
Өз алдынча окуу
3570 сом
жеңилдик менен 2500 сом
Сиз күнүгө окуу материалдарын алып турасыз. Бул узактыгы 5-10 мүнөт болгон 19 видеосабак + жыйынтыктоочу онлайн жолугушуу.

Курсту аяктагандан кийин дагы 6 ай бою видеосабактарды көрө аласыз.


САТЫП АЛУУ
Жекече окуу
(тренер сиз менен гана иштейт)

45000
Сиз күнүгө окуу материалдарын алып турасыз. Бул узактыгы 5-10 мүнөт болгон 19 видеосабак.

  • 24 саат бою чат түрүндө тренердин коштоосуна ээ болосуз.
  • Сиз жума сайын 2 идивидуалдуу онлайн консультация жолугушууларына катышып тренерден түшүндүрмөлөрдү, комментарийлерди жана суроолоруңузга жоопторду ала аласыз.
САТЫП АЛУУ

Мастер-класска жазылып, женилдикке ээ болуңуз!


Мурунку сабактын жазмасына 3 күндүк доступ сатып алууга дагы мүмкүн. Баасы 190 сом.
Тренердин коштоосу менен курс 4-декабрда башталат.
Өз алдынча окууну дароо баштаса болот

"Баланын терс жүрүм-турумун кантип оңдоо керек?" аттуу мастер-класстын видео жазмасы
90 мүнөттүк сабактын жазмасына 3 күндүк доступ
190
Сом
Ата-эне катары заманбап ойломду калыптандырууга арналган тренинг. Бала менен “объект” катары эмес, “инсан” катары мамиле түзүүгө үйрөтөт. Максаты - чоң жашоого, коомго толук кандуу, жоопкерчиликтүү, өзүнө ишенген адамды тарбиялоо маданиятын калыптандыруу.
Же болбосо whatsapp аркылуу байланышыңыз